Чолпонбек Базарбаевдин жубайы Надежда Базарбаева: «Чолпонбекти цыган аял “45 жашыңда жол кырсыгынан каза болосуң” деген болчу»
21 сентябрь

Чолпонбек Базарбаевдин жубайы Надежда Базарбаева: «Чолпонбекти цыган аял “45 жашыңда жол кырсыгынан каза болосуң” деген болчу»

Кыргызга балет деген түшүнүк көп сиңе элек кезде эле ушул жанрда кайталангыс таланттар жаралган. Алардын бири – Чолпонбек Базарбаев. Аны эскерүү максатында жубайы Надежда эжени кепке тарттык.

– Тээ алыскы тувалык кыз менен тоолук кыргыз жигитти кандай тагдыр жолуктурду? Эскерүүнү ушундан баштасак.

– 1959-жылы Бишкектеги Күрөңкеев атындагы училищенин жарымы хореографиялык бөлүм болчу. Ошол жакка окууга туш-туштан студенттер тандалып алынчу. Мени ошол окуу жайга Тувадан алып келишкен.

Менин бул жакка келүүмө Тувага кыргыз комузчулар ансамблинин гастролго барып калуусу себеп болгон. Тувалыктар гастролго барган артисттерге: «Биздин балдарды да бийге, ырга окутуп берсеңер», – деп суранышат.

Ошондон улам бир топ бала менен келип, балетке окуп калдым. Ошол эле учурда Чолпонбекти Ат-Башыдан алып келишет. Буйрук экен, мектепте да, балетте да Чолпонбек экөөбүз бир класста окуп, бир партада отуруп калдык.

Оболу №28 мектепте, андан кийин №6 мектепте окудук. Орто мектепти чогуу бүтүп, Чолпонбек университетке ошол эле жылы, мен кийинки жылы өттүм.

– Сиздерди байлаган сезимдер качан жаралды?

– Биздин сезим ошол бала кезде эле ойгонгон болушу керек. Анткени он жашыбыздан бирге өстүк, балалыгыбыз, өспүрүм курагыбыз чогуу өттү.

Чолпон абдан тамашакөй, шайыр болчу. Мен эле эмес, баарыбыз жакшы көрчүбүз. Чолпон жатакананын короосунда футбол, баскетбол ойноп жүрө берет, мен болсо китептери салынган оор баштыгын көтөрүп алып жүрөм.

«Чолпон, сабакка кечигебиз, кеттик», – деп тура берем, ал болсо: «Мына азыр», – деп ойной берет. Негедир башкалар кетип калса да, мен Чолпонбекти күтүп турчумун.

Сезим кандайдыр бир болжолдуу учурда ойгонбойт экен. Ал билинбей ойгонуп, топтолуп, улам күчөй берүүчү керемет күч экен.

Ал кезде Союз учуру болчу, ичибизде сезимдер удургуп жатса да, айта албай катып жүрүп, араң чыгарчубуз да. Биз он сегизге чыкканда Чолпон мага сезимин билдирди. Билдирбесе деле баары көз караштан, мамиледен билинип турган нерсе болчу биздин сезимдер.

Чолпон экөөбүз үйлөнөлү деп жатканда атасы өтүп кетти. Анан арадан бир жыл өткөндө Чолпон мага:

«Кел, үйлөнөбүз. Бирок мен сага жаркыраган сонун турмушту убада кыла албайм, бактылуу кыла аларыма ишенем. Менин атам жок, билесиң, апама жардам берип, бир туугандарды бутуна тургузушум керек. Ушуга макул болсоң, баш кошолу», – дегенде:

«Сен жанымда болсоң эле, кыйынчылыкты чогуу жеңебиз», – дедим.

Мен жетимчиликти баштан кечирген үчүн Чолпонду түшүнүп турдум. Апам абдан эрте каза болуп, энесиз өскөм.

– Ошол боз бала Чолпон агайдын жоруктары эсиңиздеби?

– Бир окуясын көп эстеп күлчүмүн, Чолпон болсо дайым таарынып калчу.

Чолпонбек жатаканада биринчи жолу туулган күнүн белгилеп калды. Ашканадан тамак-аш алып, анан бизди бөлмөсүнө конокко чакырды. Барсак, ар бирибизге кичинекей тарелкага кумшекер салып берип жатпайбы.

Мен болсо: «Ортого эле коюп койсоң болбойбу?» – деп күлүп, ал таарынып калды.

Чолпондун ошондогу жоругун мен аны менен бирге жашап калганда түшүндүм. Көрсө, Чолпон тамак-ашты кооздоп, баары орду менен болушун сүйчү экен. Кыялында бизге сервировка жасаса, биз балабыз да, аны түшүнбөптүрбүз.

– Сиздердин баш кошууңуздарга кайын журтуңуз кандай карады?

– Албетте, каршы чыгышты. Бирок мага Чолпондун көз карашы, сезими маанилүү болчу. Алардын каршылыгына мен көңүл бурган жокмун, Чолпон өзү макулдугун алды.

– Күтүлбөгөн белек алганда, көңүл бурууну жактырбаган аялзаты жок чыгар. Сиз эл кишиси менен жашап, ушул мамиледен өксүгөн жоксузбу?

– Кыз-жигит болуп жүргөн кезде бир күмүш шакек алып берди. Ошонусун бекем катып, сактап жүрдүм.

Чолпон абдан кыраакы, анан боорукер болчу. Мага айттырбай белек тартуулаганды аябай жакшы көрчү, анан менин кубанганымды көрүп, ошондон баладай рахат алчу. Кайда барса да, куру кол келчү эмес.

Бир жолу Сауд Аравияга балдар фестивалына чогуу бардык. Балдар калып, биз келе жатканбыз. Омандан учуп жатсак, самолёт кармалып, Чолпон:

«Жүр, дүкөндөрдү кыдырып келебиз», – деп калды.

Алтын саткан жерде менин жылдыз белгим болгон Бийкечтин алтындан жасалган кулону бар экен, кызыгып карап койдум. Сатып алалы десек, сатуучусу жок экен. Ошол бойдон учуп келе бердик.

Кийин Чолпон фестивалга барган балдарды алып келгени Оманга дагы кетти. Ошондо кайра жанагы алтын кулонду ала келиптир. Мен аны эчак эле унутуп калгам.

Кудуңдап эле: «Муну сага алып келдим», – деп башкача маанай менен ачып калды. Карасам, ошол кулон.

Чынында, абдан жакты. Белектен да Чолпондун ошону унутпай эстеп, алып келгенине абдан кубанып, толкундангам.

– Адатта чыгармачыл кишилер кайгыга, кыйынчылыкка бат алдырат дешет. Чолпонбек агайда да ушундай алсыздык бар беле?

– Чолпонбектей кайгыга көтөрүмдүү, сабырдуу адамды көрбөдүм.

Катуу кайгырганын атасы өлгөндө гана көрдүм. Кийин жакындары, иниси жол кырсыгынан каза болгондо да анчалык бүгүлбөдү.

Атасы өлгөндө Чолпондун эң кичүү иниси үч жашта болчу.

«Мен эми жетим болдум, Надя, эми кантип жашайм? Апам кантет, алты баланы кантип чоңойтот?» – деп аябай катуу ыйлады.

Ошондо мен:

«Сен чоңоюп калганда атаң каза болуп, жетим болдум дейсиң. Энеден айрылган, болгондо да үч жашта жетим калган мен киммин анда? Апам жок эле жашап жүрөм го. Башка айлабыз жок, Чолпон», – десем, ичтен солуктап, унчукпай калды.

Кыйынчылыкты, жок-барды Чолпон менен көтөрүү абдан жеңил болчу.

– Сиз да чыгармачыл адамсыз. Кайсы бир учурда «талантымды сүйгөн адам үчүн курмандыкка чалдым, Чолпондун көлөкөсүндө калдым» деп ойлогон учурлар болдубу?

– Мен анчалык деле таланттуу эмесмин. Акылың менен ойлосоң, өз дараметиңди билесиң.

Чолпон болсо чыныгы талант болчу. Талантына келбети, кыймылы, ал тургай баскан-турганы дал келип турчу.

Мен анын жары болгонум, анын чыгармачылыгына колдоочу боло алганым үчүн, тескерисинче, сыймыктанам.

Деги эле Чолпондой жанды сүйүү, сүйүктүүсү болуу бакыт болгон экен. Ырас, учурунда мен Чолпондун ким болорун билбей туруп сүйдүм.

– Кызгануунун даамын таттыңызбы?

– Жок, Чолпон андай пастыктардан бийик турган жан эле.

Анын бир адаты – аял болобу, эркек болобу, өбө берчү. Андайда:

«Чолпон, ушул адатыңды таштачы, ким эмне деп ойлойт?» – десем:

«А балким, ушул адамды акыркы жолу көрүп жаткандырмын», – деп калчу.

Чолпон командировкадан бир тыйыны жок келчү. Анткени берешендиги жанда жок, жоомарт болчу. Анысын билген үчүн мен таксиге акча камдап, аэропорттон күтүп алчумун.

Бир жакка чыгарда чемоданына эмне салынып жатканын карап да койчу эмес.

Ал тургай кээде Чолпон мени бийлерге ээрчитип алчу. Андайда досторубуз бизге:

«Бала кезден ажырабай чогуусуңар, бири-бириңерден тажаган жоксуңарбы?» – деп күлүп калышчу.

Уйкум келсе да карап отура берчүмүн.

– Чыгармачыл адамдардын олуялыгы бар деп калышат. Чолпон агай кырсык болорун сезди беле?

– Москвада театрдан чыгып, мейманканага баратсак, бир цыган аял келип эле Чолпонду четке чакырып калды.

Мен жаман бирдеме айтып жибереби деп аяп:

«Чолпон, барбай эле койчу», – десем болбой барып сүйлөшүп калды.

Чолпондун эч кимди какпаган, кыя өтпөгөн жумшактыгы бар эле. Шашып баратса да токтоп учурашчу. Ошол адатынча тиги аялга да токтоп, сөзүн угуп калды.

Мен бери жакта күтүп турдум. Бир кезде Чолпон маанайы пас болуп келди.

«Эмне деди?» – десем:

«45 жашыңда жол кырсыгынан каза болосуң деди», – деп калды.

Жүрөгүм оозума кептеле түшүп:

«Кайдагыны айта берет да, ишенбей эле кой», – деген менен өзүм кооптонуп калдым.

Бирок бул суук сөз кийин унутулуп, Чолпон кыркка чыкканда өзү эстеди. Ошондон кийин көпкө машинага отурбай жүрдү.

Кырк бештен бир аз өтүп калганда көлгө баратканда катуу жол кырсыгына туш болдук. Мен катуу жаракат алдым, Чолпонго эч нерсе болбоптур.

Ошондо, балким, Кудай эскерткен чыгар, ким билет?

Анан эле Чолпон машина айдайм деп кызыгып калды. Баласынын кичинекей «Вольво» машинасын айдап алат. Кийин өзү машина алды. Ошондон кырсык болуп, элүү экисинде каза болбодубу.

Негедир бир жакка шашкандай машинени укмуш катуу айдачу. Жанында отурганда бирдеме десем, алаксып газды жаза басып же дагы бирдеме болуп кетпесин деп, көзүмдү жумуп алып, унчукпай отура берчүмүн да, үйгө барганда жемелесем:

«Кырк бештен өтпөдүмбү», – деп тамашалап күлүп, кутулуп кетчү.

Чолпондон кийин уулубуз Нурлан да жүрөк оорусунан каза болуп калды. Андан бир кыз калды.

Чолпондун артында калган жалгыз туягы Таалай азыр мага караан болуп, Чолпондун ордун жоктотпойт.

– Тувага барып турасызбы?

– Окууну бүткөнчө Тувага каникулга барып турчумун. Кийин жатакана алып, анан турмушка чыккандан бери жакшылык-жамандыкка гана барбасам, төркүнүмө каттабай калгам.

Негизи, «энеден кийин төркүн жок» деген ырас экен.