Бишкекте жалпы республикалык ишембиликтин алкагында парктын аймагы тазаланды
2026-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликтин жүрүшүндө аймактарды санитардык жактан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чараларга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин 30 миңден ашуун кызматкери, ошондой эле шаардын тургундары катышты.
Ишембиликтин жыйынтыгында 230 миң тоннадан ашуун таштанды чогултулуп, чыгарылды. Ошондой эле 26 чакырымга жакын сугат тармактары тазаланды. Шаардын 232 гектарга жакын аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы Махатма Ганди жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде (мурдагы Муромская көчөсү) жайгашкан болочок парктын аймагында тиешелүү иштерди уюштурду. Мэриянын кызматкерлери аталган аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Болочок парктын аймагын көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат. Анын жалпы аянты болжол менен 7 гектарды түзөт. Үстүбүздөгү жылы аталган жер тилкеси титулдук тизмеге киргизилип, анын алкагында асфальт төшөө жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу иштери каралган. Ал эми болжол менен 1 гектар аянтта жаңы сквер куруу пландалууда.
Буга чейин аталган аймактын болжол менен 6 гектары парк зонасы жеке менчикке берилген. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрия жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо жана сот органдарына кайрылган.
Учурда жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча иштер улантылууда. Келечекте мэрия аймакты комплекстүү түрдө көрктөндүрүп, бул жерде борбор калаанын тургундары үчүн жашыл аймак жана жаңы коомдук мейкиндик түзүүнү пландап жатат.
