Гүлшан Конушева Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды
19 сентябрь

Гүлшан Конушева Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды

2026-жылдын 18-сентябрында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эмгек жамаатына жаңы ректору тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алуу менен КОНУШЕВА ГҮЛШАН НИЯЗБЕКОВНА Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды.

Жаңы ректорду эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырды.

Иш-чарага консерваториянын профессордук-окутуучулар курамы жана эмгек жамааты катышты.

ГҮЛШАН КОНУШЕВАНЫН ЭМГЕК ЖОЛУ

Гүлшан Ниязбековна Конушева 1978-жылдын 25-июнунда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында туулган.

1996-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук орто атайын музыкалык мектепти аяктаган. 2003-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аспаптык аткаруучулук адистиги боюнча бүтүргөн. 2005–2007-жылдары аталган консерваторияда ассистент-стажёр катары билимин өркүндөткөн.

Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облусунун Беловодское айылындагы М. Рыскулбеков атындагы балдар искусство мектебинде фортепиано классынын окутуучусу болуп баштаган. 2006-жылдан тартып Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында концертмейстер болуп эмгектенген.

2014-жылы конкурс аркылуу «Атайын фортепиано» кафедрасынын улук окутуучусу болуп дайындалып, 2015-жылы аталган кафедранын башчысы, доцент болуп шайланган.

2021-жылдын ноябрынан 2024-жылдын октябрына чейин Казакстандын Астана шаарындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын опералык труппасында концертмейстер болуп иштеген.

2024-жылдын ноябрынан тартып Россия Федерациясынын Владивосток шаарындагы Мариинский театрынын Приморье филиалынын опералык труппасында концертмейстер болуп эмгектенип келген.

Гүлшан Конушева кесиптик ишмердиги жана маданият тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Алтын Шаты» стипендиясы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамына ээ болгон.