Ногон Шумаров: «Кыргызстанга 50 жылдан кийин келип, өзгөрүүлөрдү көрүп көзүмө жаш алдым»
19 сентябрь

Ногон Шумаров: «Кыргызстанга 50 жылдан кийин келип, өзгөрүүлөрдү көрүп көзүмө жаш алдым»

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өнөрпоздордун башын бириктирди. Алардын арасында Алтайдан келген театр өкүлү, салттуу маданиятты сактоого жана жайылтууга салым кошуп жүргөн Ногон Шумаров да болду. Ал Кыргызстанга 50 жылдан кийин кайра келгенин айтып, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө күбө болгонун белгиледи. Шумаров кыргыз-алтай маданий байланышы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Алтайда сахналаштырылышы жана Кыргызстандагы сапары тууралуу ой бөлүштү.

– Ногон мырза, Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында келипсиз. Бул сапар сиз үчүн кандай мааниге ээ болду?

– Мен Алтайдан келдим. Манастын атасы Жакып туулган, Манастын атасы жердеген жерден келдим. Ошондуктан Кыргызстанга болгон сапар мен үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип, кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын, улуттук оюндарын көрдүм. Бул оюндар көчмөн элдердин тарыхын жана маданиятын дүйнөгө таанытууда чоң мааниге ээ болду деп ойлойм.

– Кыргыз менен алтай элдеринин маданий байланышын кандай бааладыңыз?

– Биздин элдердин тарыхый жана маданий жакындыгы абдан чоң. Муну музыкадан, оозеки чыгармачылыктан, салт-санаадан көрүүгө болот.

Мен Алтай элдеринин маданиятын сактоого жана кийинки муунга жеткирүүгө аракет кылып келдим. Салттуу музыкага арналган ар кандай фестивалдарды уюштуруп, маданий иш-чараларга катышып жүрдүм.

– Сиздердин театрда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да сахналаштырылган экен. Анын чыгармачылыгы Алтай элине эмнеси менен жакын болду?

– Биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын алтай тилине которуп, сахналаштырып келдик. Анын чыгармалары бизге абдан жакын. Алтай эли да Айтматовду жакшы көрүп, анын чыгармаларын таанып-билип келди.

Биздин репертуарда жазуучунун «Жамийла», «Кылым карытар бир күн», «Кош, Гүлсары!», «Ак кеме» жана башка чыгармаларынын негизинде даярдалган спектаклдер болду.

Айтматовдун чыгармаларында адамдын ички дүйнөсү, табият, элдин тарыхы жана жалпы адамзаттык баалуулуктар кеңири сүрөттөлгөн. Ошондуктан анын чыгармалары бизге да жакын болду.

– Чыңгыз Айтматов менен өзүңүз да жолукканыңызды айттыңыз. Ошол учур эсиңизде кандай сакталды?

– Мен Чыңгыз Айтматов менен Москвада жолукканмын. Сүйлөшүп, биздин театрда анын чыгармаларынын негизинде спектаклдер коюлуп жатканын айткам.

Бул мен үчүн абдан маанилүү жолугушуу болгон. Анын чыгармаларын сахнага алып чыгып жүргөн адам катары өзү менен пикир алышуу чоң таасир калтырган.

– Кыргызстанга 50 жылдан кийин кайра келипсиз. Бул жолку сапардан кандай таасир алдыңыз?

– Кыргызстанга 50 жылдан кийин кайра келдим. Бул убакыттын ичинде өлкөдө көп нерсе өзгөрүптүр. Ошол өзгөрүүлөрдү көрүп, көзүмө жаш алдым.

Ошол эле учурда кыргыз элинин салты, маданияты, тарыхы сакталып калганына кубандым.

– Кыргызстан менен Алтайдын маданий байланыштарын мындан ары да өнүктүрүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

– Мүмкүнчүлүк чоң. Айрыкча театр, музыка, фольклор жана салттуу маданият багытында биргелешкен долбоорлорду көбөйтүү керек.

Элдерди бири-бирине жакындаткан нерсе – маданият. Биз ата-бабадан калган мурастарды сактап, аны жаш муунга өткөрүп беришибиз керек.

Кыргызстан менен Алтайдын ортосундагы маданий байланыш мындан ары да улана берет деп ишенем.