Сүрөт ачык булактардан алынды
18 сентябрь
Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган музыкалык кече өтөт
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук Орус драма театрында 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө арналган музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чаранын алкагында «алтын курактагы» көрүүчүлөргө арналган музыкалык спектакль тартууланып, анда сүйүктүү обондор жаңырып, жагымдуу эскерүүлөр жана жылуу маанай тартууланат. Музыкалык кече «алтын курактагы» көрүүчүлөргө көңүл буруу, жакшы маанай тартуулоо жана маданий эс алуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.
Музыкалык кече саат 13:00дө башталат. Пенсионерлер үчүн иш-чарага кирүү акысыз.
