Талас шаарында Тагайбаев көчөсүндөгү жабык дренаж системасын куруу иштери кызуу жүрүүдө
Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жабык дренаж системасын куруу иштери активдүү улантылууда.
Долбоордун жалпы узундугу 1377 метрди түзөт. Учурда анын 920 метр аралыгында казуу иштери жүргүзүлүп, негизги иштердин бир бөлүгү аяктады.
Белгилей кетсек, аталган аймакта жер алдындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен шаар тургундары бир топ көйгөйлөргө дуушар болуп келген.
Жабык дренаж системасы толук курулуп, ишке берилгенден кийин бул аймакта суунун топтолушуна байланыштуу көйгөйлөрдү азайтып, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдү жана турак жайларга жакын аймактарды жер алдындагы жана топтолгон суулардан коргоого, суу каптоо коркунучун азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тагайбаев көчөсүндөгү жабык дренаж системасын куруу иштерин баштоо боюнча тиешелүү тапшырма берилген.
Бүгүнкү күндө аталган тапшырманын негизинде курулуш иштери башталып, белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.
