КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча биргелешкен лаборатория ачылды
19 сентябрь

КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча биргелешкен лаборатория ачылды

2026-жылдын 17-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кытайлык Greenleaf Technology Group компаниясы менен биргеликте түзүлгөн Тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча биргелешкен лабораториянын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Greenleaf Technology Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сюй Цзяньчэн жана «Бишкек» ЭЭЗинин башкы директорунун орун басары Дуулат Сандыбаев катышты.

Жаңы лаборатория илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, технологиялык иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болот.

КМТУ менен Greenleaf Technology Group компаниясынын кызматташтыгы химиялык технологияларды өнүктүрүүгө, заманбап адистерди даярдоого жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүгө багытталган.