«Асман» паркында жаш акындардын «Жаш булбул» айтышынын финалы өтөт
2026-жылдын 26-сентябрында Асман паркынын амфитеатрында 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык «Жаш булбул» айтышынын финалдык баскычы өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Финалдык баскычта тандоо турунан өткөн 12 жаш төкмө акын өз ара өнөр талашат:
- Исаков Сыймык
- Жайлообаева Касиет
- Абдыкапарова Айдай
- Макулбеков Байел
- Темирбеков Ырыскелди
- Султанжанова Фарида
- Кулпеишов Актилек
- Турсуналиев Зарылбек
- Имерова Алия
- Жакыпов Мажит
- Адыл кызы Айжан
- Темирали уулу Нурболот
Финалдык айтышта жаш төкмө акындар комуздун коштоосунда төкмөлүк өнөрүн, сөз тапкычтыгын, чечендигин жана чыгармачылык дараметин көрсөтүшөт.
Күнү: 26-сентябрь 2026-жыл
Башталышы: 14:00
Дареги: Асман паркынын амфитеатры
Көрүүчүлөрдү кыргыздын төкмөлүк өнөрүн улантып келе жаткан жаш муундун өнөрүнө күбө болууга чакырабыз.
