Медициналык буюмдардан баштап, оор өнөр жайга чейин: Ош мэриясы кытайлык инвестор менен меморандум түздү
Ош шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасынын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду.
Мэриядан кабарлашкандай, тараптардын милдеттери:
- мэрия: мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого, ошондой эле уюштуруу жана административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.
- инвестор: долбоорду өз каражатынын жана/же тартылган инвестициялардын эсебинен каржылоону, долбоорлоону жана курууну ишке ашырат, ошондой эле зарыл болгон технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат.
Инвестициянын так көлөмү, курулуш мөөнөттөрү жана заводдордун тизмеси өзүнчө келишимдер менен бекитилет. Долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орундары түзүлүп, Оштун экономикалык дарамети жогорулайт.
