Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду. Шектүүлөр кармалды
Чаткал районуна караштуу Курулуш айылында 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду. Окуя 2026-жылдын 18-сентябрында катталган.
Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, окуучу Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей көз жумган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2011-жылы туулган И.М., Н.С., Н.К., Т.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, болтурбоо максатында күчөтүлгөн тартипте иштер алып барылууда.
