Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды
Аскер прокуратурасы мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кармоого «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда аныкталган мыйзам бузуулар негиз болгон.
Тергөө учурунда объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз курулганы аныкталган.
Мындан тышкары, имарат Ала-Арча дарыясынан болжол менен беш метр аралыкта, курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске салсак, буга чейин Аскер прокуратурасы Байтик айылындагы «Кыргызгидромет» станциясынын аймагында курулуп жаткан объект боюнча текшерүү жүргүзө баштаган.
Станциянын кызматкерлери курулуш Бообек Ажикеев ӨКМди жетектеп турган мезгилде жүргүзүлгөнүн билдиришкен. Ошондой эле объектке тиешелүү документтер жок экени жана анын дарыяга жакын жайгашканы айтылган.
Бообек Ажикеев 2026-жылдын февраль айында Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган.
Тергөө иштери уланууда.
