Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү жыйынтыкталды
Бүгүн, 2026-жылдын 18-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасында 15–18-сентябрь күндөрү өткөн Казак медицинасынын күндөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыктоочу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо боюнча вице-министри Манас Рамазанов, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков, ошондой эле эки өлкөнүн медициналык уюмдарынын, илимий борборлорунун жана медициналык жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.
Бул күндөрү Кыргызстандын жана Казакстандын алдыңкы адистери биргелешкен операцияларды, клиникалык консультацияларды, мастер-класстарды, илимий-практикалык сессияларды жана билим берүү иш-чараларын өткөрүштү. Иш-чаралар кардиология жана кардиохирургия, онкология, балдар медицинасы, травматология жана ортопедия, акушердик жана гинекология, офтальмология, реабилитация жана башка багыттарды камтыды.
«Медицинада чек ара жок. Бул күндөрү өткөрүлүп жаткан биргелешкен операциялар, консультациялар, мастер-класстар жана илимий-практикалык сессиялар — бул жөн гана тажрыйба алмашуу эмес. Бул алдыңкы технологиялардын реалдуу трансфери, кесиптик кызматташтыкты бекемдөө жана эң негизгиси — жогорку технологиялуу дарылоо ыкмаларына жеткиликтүүлүк алган бейтаптарга көрсөтүлгөн конкреттүү жардам», — деп белгиледи Дамир Осмонов.
Практикалык багыттардын бири Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда эки көчмө медициналык комплекстин иштеши болду. Казакстандын Алматы облусунун чек арага жакын районунан келген адистер жергиликтүү тургундарды текшерүүдөн өткөрүп, консультация беришти.
Көчмө комплекстердин иштөө мезгилинде 1 310 тургун медициналык кароодон өтүп, 774 дарыгердин консультациясы көрсөтүлдү жана 1 000ге жакын диагностикалык изилдөө жүргүзүлдү. Анын ичинде 368 УЗИ, компьютердик томография ыкмасы менен 150 изилдөө жана 90 маммографиялык изилдөө жүргүзүлдү.
«Казак медицинасынын күндөрүн өткөрүү Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык жана коңшулаш мамилелердин практикалык уландысы болду. Эки өлкөнүн саламаттык сактоо системалары окшош милдеттерди чечип жаткандыктан, түз кесиптик диалог, тажрыйба алмашуу жана дарыгерлердин биргелешкен иши өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо боюнча вице-министри Манас Рамазанов.
Казак медицинасынын күндөрүнүн маанилүү жыйынтыктарынын бири — өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө жети меморандумга кол коюлушу болду. Документтер кардиология, эне жана баланын ден соолугун коргоо, офтальмология, травматология жана ортопедия, медициналык технологиялар, ошондой эле академиялык, илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.
Жыйынтыктоочу иш-чаранын жүрүшүндө медициналык билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоого жана медициналык жана илимий кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
«Мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү илимий-изилдөө борборлору жана медициналык жогорку окуу жайлардын ортосунда узак мөөнөттүү институционалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем пайдубал түзөт», — деп баса белгиледи Дамир Осмонов.
Казак медицинасынын күндөрү практикалык тажрыйба алмашуу, калкка медициналык жардам көрсөтүү жана эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы кесиптик кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.
Кыргызстан менен Казакстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүп, биргелешкен клиникалык, илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууну улантат.
