Баткенде эл аралык «Өрүкзар» фестивалы өтүүдө
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
18 сентябрь

Баткенде эл аралык «Өрүкзар» фестивалы өтүүдө

Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жана Сүлүктү шаарында эл аралык «Өрүкзар» фестивалы башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

18инен 20-сентябрга чейин созула турган маданий-туристтик иш-чара Раззаков шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюу аземи менен башталды.

«Өрүкзар» фестивалынын расмий ачылыш аземи өтүп, анда куттуктоо сөздөрү айтылып, маданий программа тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек районундагы Курбаналы Сабыров атындагы орто мектебинин окуучулары К. Сабыровдун калемине таандык ырларды бир нече тилде аткарып, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Фестивалдын салтанаттуу бөлүгүнө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаров баштаган акын-жазуучулар катышты.

Салтка айланган фестивалга Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринен акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөрү келишти.

Фестиваль алдыда «Сүлүктү–Белес Резорт» эс алуу борборунда уланат. Анда жаш акындардын сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле белгилүү калемгерлер, коомдук ишмерлер жана поэзия сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда ыр кечелери уюштурулат.

«Өрүкзар поэзия күнү» — Баткен облусунун Раззаков шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу эл аралык поэзия фестивалы.

Иш-чара Лейлек жергесинен чыккан белгилүү акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналып, жаш акындарды колдоо жана поэзия өнөрүн жайылтуу максатын көздөйт.

Бул поэзия майрамы көп жылдан бери өткөрүлүп келет. Былтыр фестивалдын 35 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленген. Быйыл иш-чара 36-жолу өткөрүлүүдө.

«Өрүкзар» поэзия фестивалы акын жана журналист Абдилаат Дооров тарабынан негизделип, жыл сайын уюштурулуп келет.