Шопоковдо мечиттеги садака кутучасы уурдалган. Шектүү кармалды
Чүй ОИИББ
18 сентябрь

Шопоковдо мечиттеги садака кутучасы уурдалган. Шектүү кармалды

Шопоковдо мечиттеги садака кутучасы уурдалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, шектүү 14-сентябрда колго түшкөн. Ал буга чейин да бир нече жолу садака кутучаларынан акча уурдаган. 

Шектүү Сокулук райондук милициясына жеткирилген. Кармалган жаран 1997-жылы туулган Т.К. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.