КР ИИМдин кызматкерлери КМШнын эл аралык медиа сынагында жеңүүчү болушту
КР ИИМ
18 сентябрь

КР ИИМдин кызматкерлери КМШнын эл аралык медиа сынагында жеңүүчү болушту

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери КМШнын эл аралык медиа сынагында жеңүүчү болушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин чечими менен Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча Бюросу тарабынан жыл сайын аталган кеңештин алдында чыгармачыл медиа сынак өткөрүлүп келет. 2026-жылы да бул сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бир нече номинацияда жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынак ички иштер органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлөт. Анын алкагында катышуучулар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана кызматтын ар түрдүү багыттарын чагылдырган фото жана видеоматериалдарын сунушташат.

2026-жылдагы медиа сынактын жыйынтыгы боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн сынак комиссиясы бир катар номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады.

Жеңүүчүлөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү да бар. Алар сунуштаган фото жана видеоматериалдары үчүн ар түрдүү номинациялар боюнча биринчи орундарга ээ болушту.

КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине медиа сынакка активдүү катышкандыгы жана сунушталган иштердин жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жогорку кесипкөйлүгүн көрсөткөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин эл аралык деңгээлде татыктуу таанытканы үчүн дипломдор тапшырылды.