Баткенде кичи ГЭСтин курулушунда кемчиликтер аныкталды
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан “Исфайрам-4” кичи ГЭСинин курулуш объектисинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, объектте арматураларды токуу (монтаждоо) иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан четтөө менен аткарылгандыгы, тактап айтканда “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы аныкталган.
Аталган укук бузуу фактысы боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бай Строй” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, кемчиликтерди башкы долбоорго ылайык келтирүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү (предписание) берилди.
Мындан сырткары, протокол түзүлүп, аталган юридикалык жакка 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Курулуш иштери аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.
