Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун курамынан чыгышы мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
18 сентябрь

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун курамынан чыгышы мүмкүн

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) курамынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын кеңеши 16-сентябрда «Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутунун колдонулушун токтотуу жөнүндө» токтомдун долбоорун талкуулады. Кароонун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен, парламент алардын мазмунун тактаган жок.

Ошентип, документтин каралышы Тажикстан ЭКСтин курамынан чыгып кетти дегенди билдирбейт.

Тажикстан Рим статутуна 1998-жылдын 30-ноябрында кол коюп, 2000-жылдын 5-майында ратификациялаган. Документ өлкө үчүн 2002-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген.

Рим статуту — Эл аралык кылмыш сотунун уюштуруу документи. Сот геноцид, адамзатка каршы кылмыштар, согуш кылмыштары жана анын юрисдикциясына кирген башка кылмыштар боюнча иштерди карайт.

Статутта мамлекеттин келишимден чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул үчүн өлкө БУУнун башкы катчысына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүшү керек. Эреже катары, чыгуу жөнүндө билдирүү алынгандан бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Рим статутунун колдонулушун токтотуунун кийинки кадамдары жана мөөнөттөрү боюнча Тажикстан тарап азырынча маалымат бере элек.