«Жаш булбул» республикалык айтышынын тандоо туруна 12 акын жолдомо алды
Кыргыз улуттук «Манас» театрында 18-сентябрда 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында өтүп жаткан «Жаш булбул» республикалык айтышынын тандоо туру өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Тандоо туруна өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышып, төкмөлүк өнөрдөгү чеберчилигин, сөз тапкычтыгын жана импровизациялык дараметин көрсөтүштү.
Жаш таланттарды колдоого, кыргыздын төкмөлүк өнөрүн өнүктүрүүгө жана анын улантуучуларын кеңири коомчулукка таанытууга багытталган сынактын жыйынтыгында 12 акын финалдык турга жолдомо алды.
Финалга өткөн акындар:
1. Исаков Сыймык
2. Жайлообаева Касиет
3. Абдыкапарова Айдай
4. Макулбеков Байел
5. Темирбеков Ырыскелди
6. Султанжанова Фарида
7. Кулпеишов Актилек
8. Турсуналиев Зарылбек
9. Имерова Алия
10. Жакыпов Мажит
11. Адыл кызы Айжан
12. Темирали уулу Нурболот
Финалдык айтыш 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтөт.
«Жаш булбул» айтышы — жаш төкмө акындардын чыгармачылыгын колдоого, кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн келечектеги муунун калыптандырууга жана улуттук өнөрдү кийинки муунга өткөрүп берүүгө багытталган маданий долбоор.
Белгилей кетсек, иш-чара президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
