Кыргызстан менен KEPCO энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт
Энергетика министрлиги
18 сентябрь

Кыргызстан менен KEPCO энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (Korea Electric Power Corporation, KEPCO) корпоративдик улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен KEPCO ортосунда энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электр энергетикасын санариптештирүү, электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу, интеллектуалдык электр энергиясын эсепке алуу тутумдарын (AMI), энергияны сактоо тутумдарын (BESS) киргизүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ошондой эле адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Энергетика тармагын санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. KOICA ODA долбоорунун алкагында Бишкек шаарында CAS сервердик инфраструктурасы түзүлүп, 10 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрү орнотулган.

Долбоордун кийинки этабында KETEP долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы 125 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрүн орнотуу каралган.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков KEPCO жетекчилигине эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгону үчүн ыраазычылык билдирип, кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, алдыңкы технологияларды алмашууга жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.