Ала-Бука районунда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
Курулуш министрлиги
18 сентябрь

Ала-Бука районунда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында Ч.Айтматов атындагы 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Мектептин жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу, бардык зарыл шарттары менен окуу кабинеттери, компьютердик класстар, жыйындар жана спорт залы, ашкана, ошондой эле волейбол ойноого ылайыкталган спорттук аянтчалары бар.

Белгилей кетсек, мектеп Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объектинин катарына кирет.