“Бала ырысы”жөлөкпулун алуучулар “Социалдык контракт” долбооруна катыша алабы?
18 сентябрь

“Бала ырысы”жөлөкпулун алуучулар “Социалдык контракт” долбооруна катыша алабы?

“Бала ырысы” жөлөкпулу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ушул жылдын июнь айынан тартып өлкөдөгү бардык 3 жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөт. Ошол эле учурда коомчулукта “Социалдык контракт” программасына аталган жөлөкпул алуучулар да катышууга болобу деген суроо жаралууда.

Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосуновдун “Биринчи радионун” эфиринде түшүндүргөндөй, “Бала ырысы” жөлөкпулу 3 жашка чейинки бардык балдарга – алардын ата-энесинин кирешесине жана социалдык абалына карабай – төлөнө турган жөлөкпул. Ал эми “Социалдык контракт” 2 категориядагы: 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жана айыл өкмөттө каттоодо турган жакыр жашаган үй-бүлөлөргө арналган. Башкача айтканда, программага “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар катыша алышат.

Бирок адис белгилегендей, “Бала ырысы” жөлөкпулун алуучулардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр болушу мүмкүн.

“Мындай учурда ошол үй-бүлө биздин башкармалыктарга кайрылып, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууга арыз ташташы керек. Үй-бүлөнүн кирешеси адистер тарабынан аныкталып, эрежеге ылайык болсо, жөлөкпул чегерилет. Андан кийин бир аз убакыт өткөндөн соң “Социалдык контракт” программасына катышууга толук укуктуу болушат”, – деди Токтосунов.