“Социалдык контракт” долбоору: “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын саны 105 миңден 48 миңге чейин азайды
18 сентябрь

“Социалдык контракт” долбоору: “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын саны 105 миңден 48 миңге чейин азайды

Кыргызстанда “Социалдык контракт” долбоору 5 жылдан бери жөлөкпул алуучулардын санын азайтып, ишкерлердин санын көбөйтүүдө. Бул тууралуу Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, “Социалдык контракт” 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашкан. 2025-жылга чейин 48 557 үй-бүлөгө бир жолу берилүүчү төлөм төлөнгөн, 2025-жылы 9 200 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Анын 92,2 пайызы аялдар.

“Социалдык контракт түзгөндөр бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда бизнес долбоорлорун ишке ашырып келишет. Башында келишимге ылайык, катышуучуларга 100 миң сомдон берсек, азыр инфляцияны эске алып, бул сумманы 150 миңге көбөйттүк. Андан соң ошол баштаган бизнестерин андан ары улантып, өркүндөтүп кетиши үчүн 200 миң сом пайызсыз насыя берүү программасын баштаганбыз. Анын алкагында 2024-жылы 105 катышуучу, 2025-жылы 1000 катышуучу, ал эми быйыл 625 катышуучу бизнестерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты”, – деди ал.

Токтосунов белгилегендей, “Социалдык контракт” эки категориядагы жарандарга берилет:

1. 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон жана “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар.

2. Айыл өкмөттөрүндө каттоодо турган жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр.

2022-жылы жөлөкпул алуучулардын саны өлкө боюнча 105 миң кишини түзсө, бүгүнкү күндө 40 800 жаран гана алат.

“Бул жөлөкпул алуучулар жөлөкпулдун көзүн карап отурбастан, ишкерчилигин баштоого, динамиканы ылдыйлатууга активдүү экенин билдирет”, - деп белгиледи.

Ошондой эле Жалын Токтосуновдун айтымында, “Социалдык контракт” долбоорунун аркасында өлкөдө финансылык кыйынчылыкка кабылган үй-бүлөлөрдүн саны азаюуда. Мисалы, программанын катышуучулары өздөрүн гана жумуш менен камсыздабастан, 57 миңге жакын кошумча орундарын түзүшкөн.

“Ошондуктан бул программаны өлкөдөгү жумушсуздукту жана жакырчылыкты жоюунун активдүү механизми катары кабыл алууга болот”, – деди ал.

Токтосунов кошумчалагандай, өлкөдө учурда жумушсуздук 3,7 пайызды түзөт.