Балыкчыда Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу өттү
Коргоо министрлиги
18 сентябрь

Балыкчыда Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу өттү

Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунда Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгууда эки өлкөнүн бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасынын кезметтеги күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер иштелип чыкты.

Иш-чаранын жыйынтыгында аткарылган иштер талданып, абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары жакшыртуу боюнча багыттар аныкталды.

Машыгуу бекитилген планга ылайык биргелешкен аракеттерди координациялоого жана башкаруу органдары менен кезметтеги күчтөрдүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды.