Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендинин улуттук маркетинг планы иштелип чыкты
Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендинин улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен «Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өтүп, ага министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.
Брендди өнүктүрүүнүн негизги максаты — кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рыноктордо таанытуу, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналып, аны чогултуу жана сатуу көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн киреше булагы болуп саналат.
Маркетинг планында бренддин логотибин жана визуалдык стилин иштеп чыгуу, продукцияны маркалоо жана QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу, ошондой эле кыргыз жаңгагын эл аралык көргөзмөлөрдө жана экспорттук рыноктордо таанытуу каралган. Кийинки этапта органикалык сертификация, географиялык көрсөткүчтү каттоо жана жаңгак токойлорун туруктуу башкаруу маселелери каралат. ФАО бул багытта колдоо көрсөтүүнү улантат.
