Жумушсуз жарандар туруктуу иш менен камсыз болуу үчүн кайда кайрыла алышат?
18 сентябрь

Жумушсуз жарандар туруктуу иш менен камсыз болуу үчүн кайда кайрыла алышат?

Ар кандай турмуштук кырдаалдан улам жумушу жок калган же кесибин өзгөртүүнү каалаган жарандар Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгына кайрылса болот.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Айтымында, жарандарды жумуш менен камсыз кылуу өлкөнүн бардык райондорунда: тоолуу жана чек ара аймактарында да ишке ашырылат.

Токтосунов белгилегендей, башкармалык жумушсуз жарандары жумушка орноштурууда 4 багытта активдүү чара колдонот:

1. Кесиптик окууга жиберүү.

Эгерде жаран тийиштүү билими жоктугунан кайсы бир жумушка кире албай жатса, аны башкармалык кыска мөөнөттөгү акысыз курстарга жиберет. Аны аяктагандан кийин жумушка киришине көмөк көрсөтөт.

2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар. Бул кыска убакытка жумуш менен камсыз кылуу механизми.

3. “Социалдык контракт”.

Эгерде жарандын 16 жашка чейинки балдары бар болсо жана “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алса, райондук башкармалыктарга кайрылуу аркылуу, өз ишкерчилигинин пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк табат.

4. “Жаштар такшалмасы” программасы. Бул көбүнчө жаштарга арналган.

Көп учурда окуу жайын жаңы аяктаган жаш адистерди тажрыйбанын жоктугунан жумушка ала беришпейт. Мындай учурда башкармалык ал жаранды кесибине байланышкан мекемеде 3 айдан 6 айга чейин акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө жөнөтөт. Мында төлөнүүчү сумма – айына 8 600 сом.  Андан соң туруктуу жумуш менен камсыз кылууга жардам беришет.