ӨКМ башчысы Нарын районундагы объекттердин абалы менен жеринде таанышты 
видеодон алынган кадр
18 сентябрь

ӨКМ башчысы Нарын районундагы объекттердин абалы менен жеринде таанышты 

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 17-сентябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын районундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. 

Ведомстводон кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө Таш-Башат айылындагы ERIK программасынын алкагында курулуп жаткан Д. Мамбетов атындагы орто мектептин курулуш иштеринин жүрүшү каралды.

Ошондой эле Чоң Чырайлуу коктусуна эки сел тосуучу дамба куруу иштери каралып, аталган курулуш иштерин Ага Хандын каржылоосу менен баштоо алдында турганы белгиленди.

Министр объектилердеги коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу кызматтарга жүргүзүлүп жаткан иштерди тыкыр көзөмөлгө алуу, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу жана алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.