Сузакта окуучулардын ортосундагы чыр өлүм менен аяктады
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу сабалгандан кийин каза болду. Бул тууралуу Turmush жергиликтүү тургундарга таянуу менен жазды.
Маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Милициянын маалыматына караганда, окуя Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси — «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 17-сентябрдын кечинде Багыш айыл аймагынын Жылга-Коргон айылында 10- жана 11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыккан.
Маалыматка ылайык, жаракат алган окуучу окуя болгон жерде эс-учун жоготуп, Октябрь аймактык ооруканасына бара жаткан жолдо каза болгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.
