Бишкектин жаңы конуштарында 22 үй-бүлө 17 жылдан кийин таза сууга туташтырылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
18 сентябрь

Бишкектин жаңы конуштарында 22 үй-бүлө 17 жылдан кийин таза сууга туташтырылды

Бишкектин «Адилет» жана «Ак-Жар» жаңы конуштарында 18-сентябрда кичи футбол аянтчасы, балдар аянтчасы жана воркаут-зонасы ачылды.

Жаңы эс алуу жана спорттук жайлар эки конуштун болжол менен 15 миң тургунуна ылайыкталып, спорт менен машыгууга, эс алууга жана бош убакытты өткөрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, «Адилет» конушунун 1-көчөсүндөгү 22 үй таза суу менен камсыздоо тутумуна кошулду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар 17 жылдан бери таза сууга жеткиликтүүлүгү жок жашап келишкен.

Эки долбоордун жалпы наркы 9 млн 60 миң сомду түздү. Анын ичинен 6 млн 60 миң сомду Швейцария бөлсө, 3 млн сомду Бишкек мэриясы каржылады.

Иштер «Аракет» долбоорунун чакан гранттар программасынын алкагында ишке ашырылды. Долбоорлордун демилгечилери жергиликтүү тургундар болуп, аларды пландаштырууга жана ишке ашырууга да катышты.

Ачылыш аземине Бишкек мэриясынын, Свердлов районунун администрациясынын, №305 аймактык башкармалыктын, Швейцария элчилигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Аракет» долбоору 2022-жылдан бери иштеп, Бишкектеги жети жана Ош шаарындагы төрт жаңы конушту камтыйт. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, программа 120 миңден ашуун адамга багытталган.