Гендердик теңчиликке жетишүү үчүн дүйнөгө 171 жыл талап кылынат – БУУ
Сүрөт: Pixabay
18 сентябрь

Гендердик теңчиликке жетишүү үчүн дүйнөгө 171 жыл талап кылынат – БУУ

Азыркы прогресс темпи сакталса, дүйнөдө гендердик теңчиликке жетишүү үчүн 171 жыл талап кылынат. Бул тууралуу БУУнун 2026-жылдагы Gender Snapshot баяндамасында айтылат.

Документке ылайык, кырдаал өзгөрбөсө, Туруктуу өнүгүү максаттарынын №5 «Гендердик теңчилик» көрсөткүчтөрүнүн бири да 2030-жылга чейин аткарылбайт.

Анда дискриминацияны жана гендердик зомбулукту жоюу, мажбурлап никеге турууга жана аялдардын жыныс органдарын кесүүгө каршы күрөшүү, аялдардын жетекчилик кызматтардагы катышуусун кеңейтүү, ошондой эле алардын экономикалык жана мүлктүк укуктарын камсыз кылуу маселелери каралат.

БУУнун маалыматына караганда, саясий бийлик дагы эле негизинен эркектердин колунда. Дүйнөдөгү ар бир жети өлкөнүн алтоосун эркектер жетектейт.

Мындан тышкары, дүйнөдө коргоо министрлеринин дээрлик 90 пайызы жана каржы министрлеринин 80 пайыздан ашыгы эркектер. Аялдар компаниялардын башкы директорлорунун болжол менен 6 пайызын гана түзүп, жогорку сот инстанцияларынын 20 пайызга жетпеген бөлүгүн жетектейт.

Зомбулук да олуттуу көйгөй бойдон калууда. Дүйнөдө дээрлик ар бир үчүнчү аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу өнөктөшү тарабынан зомбулукка же сексуалдык зомбулукка кабылган.

Акыркы 12 айда 316 млн аял жакын өнөктөшү тарабынан физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган.

Дээрлик ар бир бешинчи кыз 18 жашка чыга электе турмушка чыгат, ал эми дүйнөдө 230 млнго жакын аял жана кыз аялдардын жыныс органдарын кесүүгө дуушар болгон.

Баяндамага ылайык, азырынча бир дагы өлкө эркектер менен аялдардын ортосунда толук укуктук теңчиликке жетише элек. Изилденген 131 өлкөнүн 51инде мыйзамдарда олуттуу боштуктар сакталууда.

Ошол эле учурда гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган программаларды каржылоо кыскарууда. Акыркы эки жылда бул маселелер менен алектенген ар бир төртүнчү мамлекеттик түзүмдүн операциялык бюджети кыскарган, ал эми ар бир үчүнчү түзүм айрым ыйгарым укуктарынан ажыраган.

БУУнун дагы 42 түзүмү каржылоонун кыскарышынан улам гендердик теңчилик жаатындагы ишмердүүлүгүн азайтууга аргасыз болгонун билдирген.

БУУ кырдаалды өзгөртүүгө мүмкүн экенин белгилейт. Бирок бул үчүн кошумча инвестициялар, тиешелүү институттарды жана мониторинг системаларын бекемдөө зарыл.