Сүрөт ачык булактардан алынды
18 сентябрь
Бишкекте унаа тыгыны эң көп жаралган көчөлөр аталды
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев «Кабар» агенттигине берген маегинде борбор калаада унаа кыймылы эң жыш болгон көчөлөрдү атады.
Анын айтымында, бул тизмеге Чыңгыз Айтматов проспектиси, Абдрахманов, Профсоюз, Фучик, Лев Толстой жана Гагарин көчөлөрү кирет.
«Учурда Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу негизги транспорттук жүк эки маанилүү магистралга – Абдрахманов көчөсү менен Айтматов проспектисине бөлүштүрүлдү», – деп түшүндүрдү Рамиз Алиев.
Вице-мэр кошумчалагандай, кыймылды жөнгө салуу жана тыгындарды азайтуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери татаал тилкелерде саат 07:00дөн 22:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
