Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионатында Кыргызстандын курама командасы тарыхтагы алгачкы алтын медалдарды жеңди
19-сентябрь күнү Кыргызстандын U-17 айымдар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын - CAFA U-17 Women’s Championship эл аралык мелдешинде 3 турдук беттешти өткөрдү. Бул жыйынтыктоочу тур алкагында курама командабыз Тажикстанга каршы кез келип, 2-0 эсебинде жеңишке жетти. Голдордун авторлору - Перизат Заирбекова (17'), Акак Ишембиева (74').
Белгилесек, Ташкент шаарында орун алган бул мелдешке Кыргызстан менен Ирандан сырткары Тажикстан жана Өзбекстан курама командалары катышты.
Буга чейинки эки турда, курамабыз 2-1 эсебинде Иранды жеңген жана 0-0 эсеби менен Өзбекстан менен тең чыккан. Ошентип, курама командабыз 7 упай менкн (Иран - 6 упай, Өзбекстан - 4 упай, Тажикстан - 0 упай) турнирдик жадыбалдын сап башында болуп, Кыргызстан курама командалардын тарыхында Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын алгачкы алтын медалдарын жеңди!
