Гүлжакан эже, карылар үйүнүн жашоочусу: «Карылар үйүн тасмадан көрүп ыйлагам, эми ошол жерде өзүм жашайм»
20 сентябрь

Гүлжакан эже, карылар үйүнүн жашоочусу: «Карылар үйүн тасмадан көрүп ыйлагам, эми ошол жерде өзүм жашайм»

Гүлжакан Байзакова 20 жылга жакын убакыттан бери «Үмүт үйү» карылар үйүндө жашайт. Ал жерге өз каалоосу менен келген. Учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча каражат да табат.

«Жалгыздык башыма түшкөндө өз каалоом менен келдим»

- Мен Ысык-Көлдүн Ананьево айылынын кызымын. ДЦП оорусу менен жабыркап келем. Ата-энем чабан эле. Чоң ата-энеме бизди таштап коюп, жайлоого чыгышчу. Улуу муун эмдөө дегенди билбейт да, ошону кеч алып койгонбу, бир жарым жашымда бул оору тууралуу билиптирбиз. Адегенде сылтып басчумун, ошентип жүрүп мектепте, лицейде билим алгам. Үй-бүлө курган жокмун. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин кыйынчылык, жалгыздык башыма түштү. Бир туугандарым деле бар, бирок алардын көзүн карап отуруш мен үчүн абдан оор болду. Анан 2008-жылдын август айынан бери ушул карылар үйүндө жашап келем. Ал кезде сиңдимдин классташы ушул жерде иштечү. Ал мага келип: «Эже, айылда жүргөндө кыйналасыз. Мен сизди жакшы жерге алып барайын, бардык шарттары бар», - дегенде макулдугумду берип, өз каалоом менен келгем. Апамдын көзү тирүү кезинде сыналгыдан бул карылар үйү тууралуу тасма көргөнбүз. Ошондо бир алманы эки карыя бөлүшүп жеп жатканына апам экөөбүз аябай ыйлаганбыз. Арадан жарым жыл өтпөй эле апамдын көзү өтүп кетти. Ошондон кийин апамдын абысыны жана балдары менен жашап калдым. Үч жылдай чогуу турдук. Чынында, жаш өткөн сайын шарт керек болуп калат экен. Айылда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарттар жок да. Даяр ысык суу жок, от жагып, отун жарып, кар күрөш керек. Карылар үйүндө майыптар үчүн бардык шарттар каралган.

Омурткамда грыжа болгондуктан, арабада отурам. Басып, түзөлөм деген максат менен операция жасаттым, бирок андан кийинки реабилитациядан өтпөй коюп, минтип арабага байланып калдым. Өзүмдүн да күнөөм бар, балким, реабилитациялык этаптан жакшы өтсөм, басып кетет белем... Азыр кеч, операция жасатсам, такыр эле төшөккө байланып калышым мүмкүн экен.

«Жакындарым кеткениме таарынып жүрүштү»

- Карылар үйүнө кетеримди жакындарымдын бирине да айткан эмесмин. Өз алдымча документтерди даярдап жүргөнүмдү жеңем билип калып, алар менен жашоону сунуштады. Бирок алардын үйүнүн тепкичтери бийик. Жакындарыма түшүндүрүүгө аракет кылдым, таарынып, бир-эки жыл сүйлөшпөй да жүрүштү. Байкем деле багарын айтып, алып калууга аракет кылды. Эч кимди укпай, 52 жашымда келе бергем. Мурда барып-келип турчумун, азыр арабада отургандыктан, өздөрү келип кабар алып турушат. «Ушул жерге келгениң жакшы болгон турбайбы. Эл-жер көрдүң. Айылда жүргөндө эч кимге көрүнчү эмес элең», - деп айтып калышат. Чын эле мен абалымдан уялып, өзүмчө эле басына берчүмүн. Ошентсе да классташ кыздар-балдар отуруштарга өздөрү келип, алып кетишчү. Апамдар да жок дечү эмес, кошуп жиберип турушчу. Бирок ошол жерде да алардай бийлей албаганыма намыстанып, басынчумун. Кийин апам абысындары менен ойногон шеринесине атайын мени жиберип коёр эле.

«Китепканачы, тикмечи болуп иштедим»

- Карылар үйүнө келгенде сылтып басып жүргөн кезим эле. Бир жылга жетпей эле жетекчи китепкананы иштетүүнү сунуштап калды. Бир жарым жыл китепканачы болуп иштедим. Кийин азыркы директорубуздун айтуусу менен тигүүчүлүк кесибин аркалап калдым.

Көзү көрбөгөндөр, ийне кармай албагандар, баса албаган арабачандар да жашайт да, алардын топчусун кадап берип, шейшебин тигип, айтор, бардык оңдоп-түзөө кызматтарын жасайм. Бул эмгегим үчүн эмгек акы алам. Мени менен дагы бир аял иштейт, анын иш бөлмөсү ылдыйкы кабатта жайгашкан, ага жалаң баса алгандар кайрылышат.

Мындан сырткары, атайын кол өнөрчүлөр бөлмөсү бар. Ал жерден колубуздан келген нерсенин баарын жасайбыз: курак курап, гезиттен шкатулка, брелок, гүлдөрдү, кийизден боз үйлөрдү, унаа үчүн брелокторду жана башка нерселерди жасайбыз. Буюмдарыбыз менен жарманкелерге чыгабыз, келген коноктор да көп алып кетишет. Социалдык тармактардан көрүп, келгендер да бар. Түшкөн каражатка кайра эле клей, кийиз сыяктуу керектүү материалдарды, андан ашканына дары-дармек, жер-жемиш сыяктууларды сатып алам. Ар бир продукцияга өзүнчө баа койбойм, өз көңүлдөрүнөн чыгарып беришет. Бир ирет Түркиядан коноктор келип, менин колумдан жаралган эмгектердин баарын доллар менен сатып алышты. Эзели мындай валюта кармабаган жаным, ошондо биринчи ирет көрдүм.

Кол өнөрчүлүксүз тура албайм. Бул мен ырахаттанып иштеген кесибим. Кол өнөрчүлүк мага ыраматылык апамдан өтүптүр. Себеби апам 13 баласын уктатып коюп, түнү менен токуп чыгар эле. Аны мен уктабай карап отуруп, үйрөнүп алчумун.

«Жашоого позитивдүү карайм»

- Ар дайым позитивдүү жүргөнгө аракет кылам. Жылмаюу - менин башкы девизим. Жетекчибиз да кимдин колунан эмне келгенин көрүп, ар бирибиздин талантыбызга жараша ийримдерди ачып койгон. Мисалы, «Добуш» аттуу чыгармачыл тобубуз бар. Майрамдарда, коноктор келгенде өнөрүбүздү тартуулайбыз. Башка карылар үйлөрүнө барып концерт коёбуз. Мындан тышкары, жакшы адамдар конокко чакырып турушат, майрамдарда көңүл буруусуз калтырышпайт. Ден соолугума байланыштуу өзүм үй-бүлө курган жокмун, бирок мен 220 адамдан турган чоң үй-бүлөлүү болдум. Баарыбыз бир туугандайбыз. Арабызда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген да, алты саны аман, бирок ичкиликтин айынан келген адамдар деле бар. Ар биринин күйүтү ичинде. Өз балдары чыдай албаган биздин кыял-жоругубузду көтөрүп, кийимдерибизди жууп, бизге кам көргөн карылар үйүнүн кызматкерлерине рахмат.