ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды
сүрөт: depositphotos.com
19 сентябрь

ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 19-сентябрда камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Б.Ажикеев 2026-жылдын 18-ноябрына чейин №1 тергөө абагында кармалат.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү — жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып коюлган.

Эске салсак, буга чейин Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы жетекчисин «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик имаратын курууга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында кармаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз, болжол менен Ала-Арча дарыясынан беш метр аралыкта, суу коргоо зонасынын аймагында курулган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Соттун чечимине чейин Б.Ажикеев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган. Тергөө уланууда.