Курулуш тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация 19–21-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Шаосин шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө – 2026 арналган эл аралык иш-чараларга катышууда.
Иш чаранын алкагында министр Нурдан Орунтаев менен Кытай Эл Республикасынын Турак жай, шаардык жана айылдык өнүктүрүү министри Ни Хун менен эки тараптуу жолугушуу өттү.
Жолугушууда тараптар курулуш жана шаардык өнүктүрүү жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле 2026-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өтүүчү Кытай – Борбордук Азия курулуш маселелери боюнча министрлеринин кезектеги жолугушуусуна даярдык көрүү маселелерин талкуулады.
Тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана практикалык багыттагы биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленген жана жыл сайын 20-сентябрда белгиленет. Эл аралык демилгенин алкагындагы иш-чаралар шаарлардын тазалыгын жана санитардык абалын жакшыртууга, калдыктардын пайда болушун азайтууга, аларды өзүнчө чогултуу, кайра иштетүү жана кайра пайдалануу системаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле туруктуу шаардык өнүктүрүү принциптерин илгерилетүүгө багытталган.
