Ошто түнкү клубдун алдында мушташ чыккан – жети адам милицияга жеткирилди
20 сентябрь

Ошто түнкү клубдун алдында мушташ чыккан – жети адам милицияга жеткирилди

2026-жылдын 19-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында социалдык фейсбук жана инстаграм тармактар арасында Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан “03222” түнкү клубунун алдында коомдук тартипти бузушуп, мушташып жаткан жаштардын видеосу тараган.

Аталган маалымат Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иши башталган.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүктөрүн аныктап, түнү менен тергөө кызматына камсыз кылышты. Тергөө кызматына окуянын катышуучуларынын берген маалыматына караганда, аталган түнку клубга, күндүзү саат 17.00 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынан жана Кара-Кулжа районунун 1-Май айылынан жаштар той алдындагы фуршетке келишкен. Эки башка фуршетке келишкен тараптардын ортосунда келишпестик болуп, натыйжада уруша кетишкен.

Кармалгандар: 1.Ж.А., 2003-жылы туулган.Ош шаарынын тургуну. Эч жерде иштебейт.

2.С.А., Кара-Суу районунун Баш булак айылынын 2004-жылы туулган тургуну.
3.Р.уулу И., 2004-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.
4.Т.А., Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 2005-жылы туулган тургуну
5.Э. уулу Ж., Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну.
6. А.Ш. 2008-жылы туулган Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынгын тургуну.
7.И.Д., Ош шаарынын 2006-жылы туулган, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынын тургуну

Ошондой эле бул окуяга катыштыгы бар жарандардын бири , 2004-жылы туулган Э.уулу Н. денесинен жараат алып Ош облустук ооруканасына кайрылгандыгы аныкталган.

Алынган маалымат боюнча тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып тийиштүү маалыматтар топтолгон.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга тиешелүү атуулдардын бардыгы аныкталып, алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берилет.