Дебюрократизация: Курулуш министринин орун басары Кытайда баяндама жасады
21 сентябрь

Дебюрократизация: Курулуш министринин орун басары Кытайда баяндама жасады

20-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Шаосин шаарында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган чоң иш-чаранын ачылыш аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Жыргалбек Медетканов “Курулуш тармагындагы дебюрократизация” темасында баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал “тазалык”түшүнүгү айлана-чөйрөнүн тазалыгы менен гана чектелбестен, коомдогу жана мамлекеттик башкаруудагы ашыкча процесстерден арылууну да камтышы керектигин белгиледи. Таза, ыңгайлуу жана туруктуу шаар натыйжалуу, ашыкча административдик тоскоолдуктарсыз иштеген мамлекеттик башкаруудан башталат.

Жыргалбек Медетканов Кыргызстанда курулуш тармаТаза, ыңгайлуу жана туруктуу шаар натыйжалуу, ашыкча административдик тоскоолдуктарсыз иштеген мамлекеттик башкаруудан башталат.гындагы административдик тоскоолдуктарды азайтуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, “бирдиктүү терезе” принцибин киргизүү жана уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Ашыкча кагаз иштерин жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жарандар менен бизнестин убактысын жана ресурстарын үнөмдөөгө, “жашыл” жана туруктуу курулушту өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бул өз кезегинде таза, ыңгайлуу жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу шаарларды курууга өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган иш-чаралар 19–21-сентябрь күндөрү Шаосин шаарында “Таза табактан — таза шаарга” деген жалпы тема алдында өтүүдө.