Жалал-Абадда эки күндө эки окуучу ур-токмоктон каза болду. Жооптуу кызматкерлердин иши каралат
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин төрагалыгы алдында 21-сентябрда координациялык кеңешме өтүп, анда билим берүү уюмдарындагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери каралды.
Кеңешмеге облустук укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында жаңы окуу жылы башталгандан бери Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын ур-токмокко алынышынын натыйжасында каза болгон эки факты боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматы угулду.
Тилек Текебаев окуялардын келип чыгуу себептерин ар тараптуу талдап, ага чейин жүргүзүлгөн алдын алуу иштеринин натыйжалуулугуна баа берүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдетин талаптагыдай аткарбаган жооптуу кызматкерлердин иши каралып, ар бир факты боюнча тиешелүү чечим кабыл алынышы керектигин эскертти.
Мындан тышкары, бардык район жана шаарларда мектептердеги коопсуздук абалын кайрадан талдоо, зордук-зомбулук, буллинг жана башка укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү милдети коюлду.
Мектеп жетекчилигине коопсуздук талаптарын сактабаган жана алдын алуу иштерин талаптагыдай жүргүзбөгөн жооптуу кызматкерлерге чара көрүү, психологдордун, социалдык педагогдордун жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ишин күчөтүү тапшырылды.
Ошондой эле билим берүү уюмдары тиешелүү укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик жана ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, көйгөйлүү жагдайларды эрте аныктоо, тобокелдик тобундагы балдар менен жекече иштөө жана окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратуучу фактыларды болтурбоо тапшырмалары коюлду.
