Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында StoneX Group корпорациясына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту.
Маалымат үчүн: StoneX Group — корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык финансылык жана товардык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири америкалык финансылык топ. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан компания кеңири эл аралык тармак аркылуу иш алып барат, ал эми анын акциялары NASDAQ биржасында котировкалоодон өтөт.
Кеңсеге баруу учурунда Мамлекет башчысы StoneX Group компаниясынын ишмердигинин негизги багыттары, анын эл аралык финансылык инфраструктурасы жана дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктордогу иш тажрыйбасы, ошондой эле корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларды тейлөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Андан соң Президент компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган StoneX Group делегациясы менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен StoneX Group буга чейин баалуу металлдарды эл аралык соодалоо жаатында өз ара кызматташуу тажрыйбасына ээ экенин белгилешти. Мурунку жылдары түзүлгөн ишкердик алакалар жана компаниянын кыргыз рыногунун өзгөчөлүктөрүн билүүсү практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз түзөт.
Буга байланыштуу тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, анын ичинде баалуу металлдарды соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу маселелерин талкуулашты.
StoneX Group компаниясынын эл аралык финансылык инфраструктурасын жана тажрыйбасын Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирди. Ал компаниянын эл аралык финансылык жана товардык рыноктордогу тажрыйбасын эске алганда StoneX Group менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Филип Смит StoneX Group менен Кыргызстандын ортосундагы коммерциялык мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги кең экенин айтты. Ал компания өзүнүн кыргыз рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ресурстарын жана аракеттерин көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Филип Смит Президент Садыр Жапаровго кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары биргелешкен иштерди улантууга даярдыгын ырастады.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен StoneX Group ортосунда, ошондой эле “Элдик Банк” ААК менен StoneX Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.
