Жеңилдетилген дары-дармектерге кыргызстандыктар үчүн 816,8 млн сом бөлүнөт
сүрөт: depositphotos.com
21 сентябрь

Жеңилдетилген дары-дармектерге кыргызстандыктар үчүн 816,8 млн сом бөлүнөт

2027-жылы камсыздандырылган кыргызстандыктарды жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыз кылууга 816 млн 829 миң сом багыттоо пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоорунда айтылат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошумча программа аркылуу дары-дармектин наркынын бир бөлүгүн камсыздандыруу каражаттарынан төлөп, калган бөлүгүн бейтап өзү төлөйт.

2027-жылга жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоонун бир адамга эсептелген ченеми 164 сом 44 тыйын өлчөмүндө белгиленген.

Учурда программага 1 миң 80 дарыкана пункту катышат. 2027-жылы ФОМС фармацевтикалык компаниялар жана дарыкана мекемелери менен 179 келишим түзүүнү пландоодо.

Программанын максаты – коопсуз жана натыйжалуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана дарылоонун бир бөлүгүн стационарлардан биринчи медициналык жардам көрсөтүү деңгээлине өткөрүү.