Кыргызстан суу үнөмдөөчү технологиялар боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдеди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
21 сентябрь

Кыргызстан суу үнөмдөөчү технологиялар боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдеди

«Кыргызсуу долбоор» ААК Казакстан жана Өзбекстандын компаниялары менен заманбап сугат системаларын өнүктүрүү боюнча меморандумдарга кол койду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызсуу долбоор» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев баштаган делегация 15–18-сентябрь күндөрү Казакстан жана Өзбекстанга иш сапары менен барды.

Алматы шаарында кыргыз делегациясы «ADAMANT Inc.» ЖЧКсынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, ошондой эле Кыргызстандын климаттык жана гидрологиялык шарттарын эске алуу менен долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ташкент шаарында «Кыргызсуу долбоор» ААКтын өкүлдөрү DEBYUT компаниялар тобунун, «AgroTomçi suğoriş tizimlari» ЖЧКсынын жана «Аква консалт» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Делегация ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап сугат системалары үчүн жабдууларды өндүрүү технологиялары менен таанышты.

Өзбекстандык өнөктөштөр менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында да кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды практикалык негизде киргизүүгө жол ачат.

Мындан ары тараптар тажрыйба алмашууну, долбоорлоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана заманбап чечимдерди Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырууну пландашууда.

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларын киргизүү суу ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга жана айыл чарба жерлерин сугаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.