22 сентябрь

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 390,3 миң сом суммасындагы негизги каражаттарды эсептен чыгарууда аныкталган бузуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №1911/1 буйругуна ылайык, жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде иш алып барган №4, №5, №6 жана №7 кесиптик окуу жайлар бир мекемеге - №1 кесиптик окуу жайга бириктирилген.

Буга байланыштуу директорлордун, окуу-өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басарларынын, башкы бухгалтерлердин жана бухгалтерлердин кызмат орундары кыскартылган.

Эсеп палатасынын Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан учурда ишмердүүлүгүн токтоткон жогоруда аталган мекемелердин 2024-жылдагы каржылык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кесиптик окуу жайларынын каржылык ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:

- мурдагы №4 кесиптик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен алынган, мурда колдонууда болгон ноутбуктарды, 1С автоматташтырылган системасын жана «Финансылык отчеттуулукту консолидациялоо» конфигурациясын эсептен чыгарууда мыйзам бузууга жол берген. 144,5 сом суммасындагы эсептен чыгаруу актысы оргтехниканын абалы тууралуу маалымкат берилбестен таризделген. Эсептен чыгаруу жокко чыгарылып, ноутбуктар учурда бар. №4 кесиптик окуу жайдын башкы бухгалтери М. А. Т. 2025-жылдын 18-февралындагы №09 буйругу менен кызматынан бошотулган.

- мурдагы №5 кесиптик окуу жайы тарабынан соттолгон Р. С.га 2024-жыл үчүн 121,0 сом өлчөмүндө эмгек акы төлөөдө мыйзам бузууга жол берилген. Эмгек акы касса аркылуу, ордердин негизинде төлөнүп келген, ошол эле учурда кызматкерлердин эмгек акысын мындай тартипте төлөө системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы №281 токтомуна ылайык жокко чыгарылган.

Р.С. №1 кесиптик окуу жайдын тиешелүү буйругу менен эмгек акыны накталай эмес түрдө алуу тартибине өткөрүлүп, ага карт-эсеп ачылган. Банктык карта №27 мекеменин атайын бөлүмүнө өткөрүлүп берилген (2026-жылдын 29-майындагы №21 буйрук).

Башкы бухгалтер Г. К. А. 2025-жылдын 18-февралындагы №09 буйругу менен кызматынан бошотулган.

- мурдагы №6 кесиптик окуу жайы 17,3 миң сомдук бычуу столун өткөрүп берүү боюнча коштомо кагазды өз убагында бербегендиктен мыйзам бузууга жол берген. Башкы бухгалтер И. К. 2025-жылдын 18-февралындагы №09 буйругу менен кызматынан бошотулган.

- мурдагы №7 кесиптик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен алынган, мурда колдонууда болгон ноутбуктарды эсептен чыгарууда мыйзам бузууга жол берген. 107,5 сом суммасындагы эсептен чыгаруу актысы оргтехниканын абалы тууралуу маалымкат берилбестен таризделген. Эсептен чыгаруу жокко чыгарылып, ноутбуктар учурда бар. Башкы бухгалтер Н.С.К. 2025-жылдын 18-февралындагы №09 буйругу менен кызматынан бошотулган.

Ошентип, аудиттин жүрүшүндө аныкталган жогоруда аталган кесиптик окуу жайлардын балансында чагылдырылбай калган негизги каражаттар жана эсепке алынбаган эмгек акы боюнча кемчиликтер 2025-жыл үчүн жылдык отчеттуулукту түзүүдө жоюлган.

Жогоруда белгиленгендей, аталган бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлер кызматтарынан бошотулган.