Бишкектеги скверлердин бирине Сооронбай Жусуевге эстелик тургузуу пландалууда
Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы скверге белгилүү акын, Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевге эстелик тургузуу пландалууда. Бул тууралуу 22-сентябрда Бишкек мэриясы тараткан маалыматта айтылат.
Белгилей кетсек, бүгүн калаа башчысы Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте скверди жаңылангандан кийин көрүп чыкты.
Аймакты көрктөндүрүү алкагында 35 000 чарчы метр аянтка автоматтык сугат системасы орнотулуп, 33 000 чарчы метр жерге газон себилди. Топурактын абалын жакшыртуу үчүн 300 «Хово» жана 200 КамАЗ кара топурак төгүлдү.
Аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү: 12 туя, 22 гортензия, 20 вейгел, 12 можжевельник отургузулду жана бак-дарактарды санитардык жана декоративдик бутоо иштери аткарылды.
Шаар тургундары үчүн 70 жаңы отургуч коюлуп, эски балдар аянтчасынын ордуна жаңысы орнотулду. Ошондой эле заманбап воркаут-зонасын куруу пландалууда. Мэрия аттракциондорду орнотуудан баш тартып, эс алуу жана спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүүгө басым жасады.
Жарыктандыруу системасы жаңыланды: 57 орто жана 14 чоң чырактар демонтаждалып, сырдалып, лампалары алмаштырылып кайра орнотулду. Мындан сырткары, 3 234 бордюр сырдалып, 920 чарчы метр асфальт төшөлмөсү калыбына келтирилди жана 30 жаңы таштанды челеги коюлду.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган.
