“Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады
22 сентябрь

“Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештеги “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу онкологиялык жардам көрсөтүүдөгү көйгөйлөр, суррогат энеликти укуктук жөнгө салуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу маселелери тууралуу маалымат укту. 

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

“Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов Кыргызстанда өз убагында жана жеткиликтүү дарыланууга муктаж болгон онкологиялык оорулар менен жабыркаган 37 миңден ашуун бейтап бар экенин белгилеп, Онкология жана гематология борбору керектүү жабдуулар менен толук камсыздалбагандыгына токтолду. 

“Бүткүл республика боюнча онкологиялык ооруларды нур терапиясы менен дарылоочу эки сызыктуу тездеткич жана эмчек безинин ооруларын эрте аныктоочу бир маммограф гана бар экен. Ошондуктан аймактардагы бейтаптар керектүү дарылануу үчүн борборго келүүгө аргасыз”, – деди депутаттык топтун жетекчиси. 

Ага ылайык, аталган жагдайды тиешелүү мамлекеттик органдар менен комплекстүү талкуулоо керектигин айткан Талант Мамытов зарыл болгон учурда мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, онкологиялык ооруларга каршы каржылоону көбөйтүү жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелерин толук кандуу кароо керектигин кошумчалады. 

Муну менен катар Талант Мамытов суррогат эне болуу маселесин укуктук жөнгө салуу зарылчылыгына да токтолуп: “Мыйзамдар бардык тараптардын укуктарын жана милдеттерин так аныктап, суррогат энелердин жана болочок ата-энелердин укуктарын, ошондой эле баланын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга тийиш”, – деди. 

Каралып жаткан маселелер боюнча кыскача маалыматты депутаттар Советбек Рустамбек уулу, Улан Сариев, Венера Салямова, Токтобүбү Ашымбаева, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жана башкалар беришти.

Алсак, депутат Советбек Рустамбек уулу республиканын бардык аймактарындагы калкты сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүп, жер-жерлерде саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана жарандардын жашаган жерине карабастан медициналык кызматтарды алуусу үчүн бирдей шарттарды түзүү зарылчылыгын кошумчалады. 

Ал эми депутат Улан Сариев ооруларды эрте аныктоо, чек-ап, скрининг жүргүзүү, профилактикалык текшерүүлөрдү өнүктүрүү, ооруларды алгачкы стадияларында өз убагында тактоо жана калк үчүн, өзгөчө аймактардагы эл үчүн диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелерине токтолду.

Андан тышкары, депутат Венера Салямова онкологиялык жардамды өнүктүрүү, анын ичинен ПЭТ-диагностиканы киргизүү, онкологиялык ооруларды аныктоонун заманбап ыкмаларынын колдонуу маселелерине көңүл бурду. 

Депутат Токтобүбү Ашымбаева энелердин ден соолугун коргоо, суррогат энеликти жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштарын айтып, бул тармактагы укуктук механизмдерди өркүндөтүү, бардык катышуучулардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонуу үчүн так шарттарды түзүү керектигин белгиледи. 

Депутат Суйунбек Омурзаков “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынына катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого жана ооруларды туура жана так диагностикалоого байланышкан бир катар маселелерди көтөрдү. Ошондой эле ал аймактарда коюлган диагноз Бишкекте текшерүүдөн өткөндө кийин ырасталбай калган учурлар аз эмес экенин мисал кылды.

Депутат Ырысбек Атажанов медициналык мекемелер үчүн жаңы имараттарды куруу, ошондой эле аларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана Баткен облусунда онкологиялык борборлорду ачууну сунуштаса, депутат Жылдыз Эгенбердиева оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны же программаны иштеп чыгуу тууралуу маалыматты тактап, тармактын бюджетинде ооруларды эрте аныктоо боюнча чараларды ишке ашырууга каражат каралбаганын жүйө келтирди. 

Депутат Жайлообай Нышанов калк үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгү тууралуу маселелерди белгилесе, депутат Айсаракан Абдибаева чек-ап жүргүзүү боюнча мамлекеттик медициналык мекемелер жеке клиникалардан артта калып жатканын айтып, калк үчүн профилактикалык текшерүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу зарылчылыгына токтолду. 

Депутат Гульнара Акимбаева жарандардын ден соолугун медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу керектигин билдирип,  анда текшерүүлөрдү өткөрүүнүн графиги, негизги этаптары жана иш-аракеттер планы так аныкталышы керектигин, бул оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого системалуу мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берерин кошумчалады. 

Талкуунун жыйынтыгында «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген чараларды ишке ашыруу үчүн, анын ичинде профилактикалык иштерди жүргүзүүгө жана калкты медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө зарыл болгон каржылоонун көлөмүн аныктоону тапшырды.