Жалал-Абад облусунун айыл аймактарына 24 сүт цистернасы тапшырылды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
22 сентябрь

Жалал-Абад облусунун айыл аймактарына 24 сүт цистернасы тапшырылды

Бүгүн, 22-сентябрда Жалал-Абад облусунун айыл аймактарына 24 сүт цистернасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирет. 

Цистерналар облуста Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында тапшырылган.

Долбоор 2025–2029-жылдар аралыгында ишке ашырылып, сүт жана мөмө-жемиш кластерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлерди колдоого багытталган. Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 35 млн АКШ долларын түзүп, анын 30 млн доллары Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу, 5 млн доллары Глобалдык айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу программасынын (GAFSP) гранты болуп саналат.

Бүгүн облус боюнча 500 литрлик жана 1 тонналык жалпы 24 сүт цистернасы фермерлерге тапшырылды. Цистерналар тиешелүү айыл өкмөттөрүнүн балансына өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик органдарынын көзөмөлүндө пайдаланылат. Жабдуулар сүттү чогултуу, муздатуу жана сапатын сактоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, кайра иштетүүчү ишканаларга сапаттуу чийки сүт жеткирүүгө шарт түзөт.

Долбоордун алкагында сүт кластерин өнүктүрүүгө 14,5 млн сом багытталып, облус боюнча 12 сүт топтоочу пункт түзүлгөн. Ошондой эле малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн 33 комплект жасалма уруктандыруу жабдуусу берилип, бүгүнкү күнгө чейин 4078 баш уй жасалма жол менен уруктандырылган.