Токтогул ГЭСте үч гидрогенераторду оңдоо иштери уланууда
Энергетика министрлиги
22 сентябрь

Токтогул ГЭСте үч гидрогенераторду оңдоо иштери уланууда

Токтогул гидроэлектр станциясында 2026–2027 жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Негизги көңүл гидрогенерациялык жабдууларды оңдоого жана станциянын өндүрүштүк инфраструктурасын кыш мезгилиндеги иштөөгө даярдоого бурулууда.

Г-1, Г-2 жана Г-4 гидрогенераторлорунда учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. №1 гидроагрегатты оңдоо иштери 14–19-сентябрь аралыгында аткарылды. №4 гидроагрегатты оңдоо иштери 21–26-сентябрь аралыгына пландаштырылган.

500 кВ шиналардын I жана II секцияларын учурдагы оңдоо иштери аяктады. Бекитилген графикке ылайык, адистер негизги жана көмөкчү жабдуулардын релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн текшерүү, ревизиялоо жана профилактикалык тейлөө иштерин жүргүзүүдө.

Токтогул ГЭСти 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери бекитилген графикке ылайык уланууда.