Жалал-Абад облусу Бразилиянын аймактары менен түз байланыштарды түзүүгө кызыкдар
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
22 сентябрь

Жалал-Абад облусу Бразилиянын аймактары менен түз байланыштарды түзүүгө кызыкдар

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасында аккредитацияланган Бразилия Федеративдүү Республикасынын элчиси Марсело Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Жолугушууда аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусу менен Бразилия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, туризм багыттары боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү маселелери талкууланды.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кең экенин белгилеп, Бразилиянын аймактары менен түз байланыштарды түзүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда айыл чарба багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта мындан аркы биргелешкен жумуштарды аныктоо боюнча сунуштар айтылды.

Ошондой эле облус жетекчиси аймакта ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул долбоорлор Жалал-Абад облусунун инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жаңы шарттарды түзүп жатканын айтты.

Тараптар тажрыйба алмашуу, түздөн-түз аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечектерин талкуулашты.