Чүй облусунун жашоочусу баңгизат менен кармалды
КР ИИМ
22 сентябрь

Чүй облусунун жашоочусу баңгизат менен кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатка байланыштуу кылмыш иши аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы автоунаа оңдоочу жайда иштеген С.Ш. аттуу жарандын баңгизатка байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Алынган маалыматтын негизинде аталган жаранды текшерүү учурунда анын өзүнө таандык кара түстөгү сумкасынан өзгөчө жыты бар, кара түстөгү 13 даана таңгакталган зат табылып алынган.

Табылып алынган заттардын жалпы салмагы 195,55 граммды түзүп, анын курамын жана түрүн аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун 1987-жылы туулган тургуну С.Ш. шектүү катары кармалды.

Учурда бул факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.