Мектептердеги психологдорго каражат бөлүндү – Агартуу министрлиги
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь

Мектептердеги психологдорго каражат бөлүндү – Агартуу министрлиги

Кыргызстандагы мектептерге психологдорду тартууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Маселени депутат Нуржамал Торобекова көтөрүп, мектептерде психологиялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга чакырды.

Анын айтымында, көптөгөн балдар жеке көйгөйлөрү, стресстик кырдаалдар же буллинг учурлары тууралуу ата-энесине айтууга даяр эмес. Ал эми мектеп психологу менен ачык сүйлөшө алышат.

Депутат шайлоочулар менен жолугушууларда кесипкөй психологиялык жардам балдардын кыйынчылыктарды жеңип, окуусун улантуусуна жардам берген учурлар айтылганын белгиледи.

Торобекова бардык мектептерди психологдор менен камсыз кылууну, эгер бул мүмкүн болбосо, бир адисти бир нече билим берүү мекемесине бекитүүнү сунуштады.

Кендирбаева бул максаттар үчүн каржылоо каралганын билдирди.

Министрдин айтымында, зарыл болгон адистердин саны балдардын санына жараша эсептелет. Учурда мектеп психологдорунун квалификациялык талаптарын текшерүү жана тактоо боюнча иштер да жүргүзүлүүдө.