Россиядан Кыргызстанга психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналын аныктады.
Бишкек шаарында жөнөтмөнү алуу учурунда 2008-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны К. Р. У. кармалды. Электровелосипеддин кутусуна окшоштурулуп жашырылган жөнөтмөнү текшерүү учурунда 506 грамм «Альфа-PVP» психотроптук заты, ошондой эле электрондук тараза жана затты таңгактоого арналган полимердик баштыктар табылып, алынган.
Кармалган жаран беш айга жакын убакыттан бери Бишкек шаарынын аймагында психотроптук заттарды жашыруун жайгаштыруу ыкмасы менен таратып келгени аныкталды.
Биргелешкен иш-чараларды улантуунун алкагында Россия Федерациясынын аймагында Россиянын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын кызматкерлери психотроптук заттар салынган жөнөтмөлөрдү жөнөтүүгө тиешеси бар 1974-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны Б. А. В. кармашкан. Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда болжол менен 1 килограмм метамфетамин табылып, алынган.
Учурда эки мамлекеттин укук коргоо органдары «К» интернет-дүкөнү аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.
