Кашка-Терек – Катранкы автомобиль жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кашка-Терек – Катранкы автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган.
Учурда №22 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 1 чакырым аралыгына асфальт төшөлүп бүттү.
Бул жолдун оңдолушу менен аймактагы калктын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлүп, айылдар арасындагы транспорттук байланыш жакшырат.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
